Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн кантип арыз берсе болот?

22 октября 2026

«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн кантип арыз берсе болот?

«Бала ырысы» жөлөкпулун алуу үчүн кантип арыз берсе болот?

«Түндүк» тиркемеси аркылуу арызды онлайн берсеңиз болот. Ал үчүн эмне керек жана арызды кантип туура тапшыруу керек? Төмөндө айтып беребиз.

Жөлөкпул алуу үчүн Элдик Банкта ачылган банк эсебиңиз болушу зарыл. Эгер эсебиңиз жок болсо, Eldik тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүңүз. Каттоодон өткөндөн кийин талап боюнча банк эсеби автоматтык түрдө ачылат. Банктын кардарлары да талап боюнча эсепти тиркеме аркылуу ача алышат. Эгер сизде Элдик Банктын банк эсеби же «Элкарт — Социалдык» картаңыз бар болсо, аларды жөлөкпул алуу үчүн колдонсоңуз болот. Картаны банктын каалаган бөлүмүнөн да тариздей аласыз.

Арыз берүү тартиби:

1-кадам. «Түндүк» тиркемесин ачып, «Социалдык төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз.

2-кадам. «Бала ырысы» кызматын тандап, керектүү маалыматтарды толтуруңуз.

3-кадам. Жөлөкпул түшө турган Элдик Банктын банк эсебин тандап, арызды жөнөтүңүз.

4-кадам. Арызды SMS аркылуу келген код менен ырастаңыз.

Элдик Банк — мамлекеттик төлөмдөрдү алууну жеңилдеткен ыңгайлуу чечимдер!