15 июля 2026
Элдик Банктан мектепке чейинки билим берүү тармагына жеңилдетилген каржылоо

Каржылоонун максаты: мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн имараттарды куруу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо.
Каржылоонун шарттары:
- Пайыздык чен - жылдык 10% (НПЧ - 10,4549%)
- Мөөнөтү - 60 айга чейин (негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого 10 млн сомго чейин - 36 айга чейин)
- Суммасы - 70 млн сомго чейин
- Жеңилдетилген мезгил - 6 айга чейин
Камсыздоо:
-Кыймылсыз мүлк;
-Карыз алуучунун менчигиндеги жер тилкеси;
-Күрөө жетишсиз болгон учурда башка кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк кабыл алынышы мүмкүн;
-Ошондой эле «Гарантиялык фонд» ААК тарабынан фонддун шарттарына ылайык кредиттин суммасынын 50% чейин кепилдик колдонулушу мүмкүн.









