Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Элдик Банк» ААК меморандумга кол коюшту

08 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Элдик Банк» ААК меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «Элдик Банк» ААК апробациялык режимге катышкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын, башкаруу натыйжалуулугун жана ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга багытталган Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын финансылык жактан коштоо жаатында узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүнү карайт. Кызматташтыктын алкагында медициналык уюмдарды комплекстүү банктык тейлөө менен камсыз кылуу пландалууда. Анын ичинде эсептик-кассалык тейлөө, эмгек акы долбоорлорун ишке ашыруу, аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн «ЭлКасса» биллинг системасын киргизүү, ошондой эле заманбап банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү каралган.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, «Элдик Банк» ААК апробациялык режимге катышкан саламаттык сактоо уюмдары үчүн негизги финансылык өнөктөш катары каралат. Меморандумга кол коюу мамлекеттик медициналык уюмдардын финансылык туруктуулугун чыңдоодо, башкаруу механизмдерин өркүндөтүүдө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.

Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы №331 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып, медициналык уюмдардын ишмердүүлүгүн финансылык башкаруунун жана коштоонун заманбап инструменттерин киргизүүгө багытталган.