Шылуундар кантип иштешет?

Шылуундардын 5 сөзү — уксаңыз дароо трубканы коюңуз!
Шылуундар көп учурда банк кызматкери болуп таанышып, адамдарды коркутуп же шаштырып акча же маалымат алууга аракет кылышат. Эгер төмөнкү фразалардын бирин уксаңыз — сүйлөшүүнү дароо токтотуңуз:
- «Мен банктын коопсуздук кызматынанмын»;
- «Сиздин эсебиңизде шектүү операция болуп жатат»;
- «Акча которууну токтотуу үчүн SMS аркылуу келген кодду айтыңыз»;
- «Сиздин аккаунтуңузду бузууга аракет кылышууда»;
- «Акчаңызды коопсуз эсепке тез арада которуу керек».
Маанилүү:
Банк кызматкерлери эч качан төмөнкүлөрдү сурашпайт: SMS аркылуу келген кодду, картанын толук номерин жана CVV кодун, акчаны «коопсуз» же «резервдик» эсепке которууну.
Эгер күмөн санасаңыз — трубканы коюп, банктын расмий номерине өзүңүз кайра чалыңыз.









