Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Алдамчылыктын жаңы түрлөрү

28 февраля 2026

Алдамчылыктын жаңы түрлөрү

Дропперлик — бул жарандардын банк карталары аркылуу уурдалган акчаларды чыгарып алуу, өткөрүү жана накталай кылып алуу боюнча алдамчылык схемаларга тартуу.

Дропперлер колдонгон 5 эң кеңири тараган ыкма:

- «Оңой акча табуу» Акчаны картаңа кабыл алып, анан башка жакка которуп берүүнү сунушташат. Чынында — уурдалган акчаны айлантуу.

- «Которууга жардам бер» Жаңы тааныш адам «эсебим бөгөттө» деп, акчаны сенин эсебиң аркылуу өткөрүүнү суранат. Натыйжада тобокелчилик сага жүктөлөт.

- «Карта ачып бер» «Жумуш үчүн» деп карта ачып, аны өткөрүп берүүнү сунушташат. Бул мыйзам бузуу жана көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Мессенджерлер аркылуу азгыруу Тажрыйбасыз эле тез акча убада кылган жасалма вакансиялар жана чаттар.

- Шашылыштык менен басым жасоо «Азыр керек!» деп, ойлонууга убакыт бербешет.

Эгер схема сиздин картаң айланасында болсо — бул кооптуу белги.