Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Элдик Банк” - WSBIга кирген Кыргызстандагы алгачкы банк

12 октября 2023

“Элдик Банк” - WSBIга кирген Кыргызстандагы алгачкы банк

“Элдик Банк” - WSBIга кирген Кыргызстандагы алгачкы банк

“Элдик Банк” кыргыз банктарынын арасынан алгачкылардан болуп Аманатчы жана чекене банктардын бүткүл дүйнөлүк институтуна (WSBI) кирди. Аталган уюм 69 өлкөнүн 6 400дөн ашуун банк мекемелерин камтыйт. WSBIдин мүчөлөрүнүн активи 13 триллиондон ашуун АКШ долларын түзөт. 

 “Элдик Банктын” бул уюмга кирүүсү корреспонденттик мамилелерди жакшыртуу максатында дүйнөлүк ири банктар, каржы институттары менен болгон мамилесине өбөлгө түзөт. Ошондой эле ал пикирлештер менен билим жана тажрыйба алмашуу үчүн байланыштарды түзүүгө, ар кандай демилгелерге катышууга мүмкүнчүлүк берет. 

WSBI уюмунун долбоорлору менен  “Элдик Банкка” алдыңкы тажрыйбалар жана жаңы чечимдер жеткиликтүү болот. Ал эми бул Банктын ишмердүүлүгүн жакшыртып, каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана рыноктогу позициясын бекемдөөгө көмөкчү болот. Андан сырткары, бул ишмердүүлүгү чекене банктардын кызматын өнүктүрүүгө багытталган глобалдык каржылык институттардын коомчулугуна кошулууга карата дагы жакшы мүмкүнчүлүк.