Элдик Банк&MEGA: ишкерлер үчүн "Ишкер24" биргелешкен тиркеме эң мыкты аталыш болуп тандалды

«Элдик Банк» & MEGA кызматташтыгынан ишкерлердин биргелешкен эң мыкты мобилдүү тиркемесинин (МТ) аталышы үчүн сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Эки компаниянын Долбоордук кеңсесинин жумушчу тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында “Ишкер24” аталышы тандалды.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында «Элдик Банк» ААК менен MEGA мобилдик операторунун кызматташтык презентациясынын алкагында биринчи смарт-өнөктөштүк продуктуну – ишкерлер үчүн уникалдуу бирдиктүү мобилдүү тиркемени биргелешип түзүү жарыяланган, бул "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишкананын толук жашоо циклин санариптештирүүнү камтыйт.
Ишкерлердин көз карашынан ылайыктуу аталышты тандоо максатында кызматташуу бет ачарында Мастермайнд сессиясы өткөрүлдү. Иш-чарада катышуучу-коноктордун талкуусуна бир нече аталыш варианттары сунушталды. Алар “биринчи колдон” алынгандан кийин иштелип чыккан - компаниялар борбордун бир нече базарларында изилдөө жүргүзүшкөн. Мындан тышкары, компаниялардын социалдык тармактары дагы мыкты аталышка сынак жарыялоодо кызуу иштешти. Жалпысынан, оффлайн сурамжылоого 100дөн ашык адам, ал эми онлайн сурамжылоого 1000ден ашык адам катышты.
Компаниялардын жетекчилиги, акыркы чечимге карабастан – талаа изилдөөнүн же социалдык тармактардагы сынактын жыйынтыгына негизделген тандоо боюнча – социалдык тармактардагы эң кызыктуу варианттын авторуна сыйлык берүүнү чечти. Жеңүүчү болуп Smart24 варианты үчүн Sirenrouse колдонуучусу табылды. Жакынкы күндөрү атайын байге – «Элдик Банктан» премиум Visa Infinite картасы, MEGAдан платина номери жана эки компаниянын жаңы жылдык белектери ыйгарылат.
Белгилей кетсек, флагмандык продукт миссиясы чакан жана орто бизнеске алардын ишмердүүлүгүндө санариптештирүү жагынан жардам берүү болуп саналат. Негизги идея – ишкерди бүткүл “иш жолунда” (жеке ишкерди/ЖЧКны каттоодон баштап жоюуга чейин) коштоп жүрүү жана ал үчүн “иштеп кетүү циклдери” санариптик өнүгүп жаткан экосистемасын түзүү.
Мобилдүү тиркемени колдонуу аркылуу ишкердин негизги “көйгөйлөрү”: убакыт жана акча, бухгалтерди, юристти жалдоо зарылчылыгы, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн татаал оффлайн иштери жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу санариптин жоктугу сыяктуу маселелер оңунан чечилет.









