Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

MEGA&Элдик Банк ишкерлер үчүн мобилдик тиркемени тесттик ишке киргизүүнү баштады

21 февраля 2024

MEGA&Элдик Банк ишкерлер үчүн мобилдик тиркемени тесттик ишке киргизүүнү баштады

#GovFinTech

MEGA&Элдик Банк коллаборациясы пилоттук аянтчаларда – Ишкерлерди тейлөө борборлорунда  жана базарларда чакан жана орто бизнес үчүн «Ишкер24» мобилдик тиркемесин сыноодон өткөрүү  башталгандыгын маалымдайт. МСК менен бирдикте сынамык мезгилге Бишкек жана Ош шаарларындагы Ишкерлерди тейлөө борборлору, Бишкек шаарынын 4 району боюнча МСКБ жана «Мадина» жана «Орто-Сай» базарлары тандалып алынган. Бул тиркеме ─ колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары салыктык каттоодон өтүүнү каалаган ишкерлер үчүн колдонмо.

Ошондой эле ал иштеп жаткан жеке ишкерлер үчүн банктык эсеп ачуу жана санариптик форматта салык отчетун түзүү үчүн фискалдык маалыматтарды түзүүдө менен накталай эмес формада иш жүргүзүү үчүн ж.б. учурларда колдонулат. “Ишкер24” тиркемесинин 1.0 сыноо версиясында кызматташуунун башталышында жарыялангандан да көп кызматтар жеткиликтүү. Учурда «бирдиктүү терезе» аркылуу онлайн режиминде ишкердин жалпы ишмердүүлүк циклинен ишкер менен мамлекеттик органдардын жана бизнестин контактсыз өз ара аракеттенүүсүнүн 4 баскычы өткөрүлүп берилди жана сыноодон өткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, бардык санариптик чечимдер колдонуучулар менен кызматташууну камтыйт. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң ийгиликтүү онлайн кызматтары ишке киргизилгенден кийин, ал кызматтар жакшыртылып турат. Башкача айтканда, санариптик өнүмдү мыктылоодо, албетте, колдонуучулардын пикирлери эске алынат.

Учурда «Ишкер24» биргелешип ишке киргизилген тиркемеси боюнча ишкерлер менен байланышып туруу үчүн, өзүнчө номер бөлүнгөн. Бирдиктүү номер: *2400, What’s App номери: +996 755 002400. МСК жана Базарлар ассоциациясы, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү менен жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.

Сыноо  мезгилинен  кийин MEGA&Элдик Банк МСК менен биргеликте өлкөнүн бизнес сектору үчүн бирдиктүү мобилдик тиркемени расмий ишке киргизүү боюнча өзүнчө иш-чара өткөрмөкчү. Бул бизнес ассоциацияларга өзүнчө жарыяланат.

Урматтуу ишкерлер, чечимди биргелешип ишке ашырууга Сиздин жеке катышууңуз жана бизнес жүргүзүүнүн санариптик формасына өтүүңүз үчүн абдан маанилүү! “Ишкер24» мобилдик тиркемеси ─ бул сиздер менен биргелешкен санариптик өнүм!

«Ишкер24». Бизнесиңиз сандарда ─ отчеттор, салыктар, каржыңыз ─ «бирдиктүү терезеде».

Көңүл буруңуз!

Мамлекеттик салык кызматы ЖИни каттоого арыздарды 3 жумушчу күндүн ичинде карайт. ЖИни каттоонун жыйынтыгы МСКнын кызматкерлери тарабынан расмий чечим чыгарылгандан кийин гана жеткиликтүү. Каттоодон баш тартуунун себебин да тиркемеде көрүүгө болот.

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн электрондук форматта төлөм жүргүзүүдө, төлөм жокко чыгарылбайт. Элдик Банктын филиалында жеке арыз берген учурда, аны жокко чыгарууга болот.

*2400 бөлүнгөн номери иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Whats App каналы иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин жеткиликтүү. Саат 18:00дөн кийин билдирүүлөр гана кабыл алынат.

Эсиңиздерге сала кетсек, коллаборация жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн, бул шилтемесин басыңыз.