Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер Каракол жана Талас шаарларында өткөрүлдү

20 февраля 2026

Каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер Каракол жана Талас шаарларында өткөрүлдү

Каракол жана Талас шаарларында студенттер үчүн каржылык сабаттуулукту жана жеке каржыларды башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган окутуу тренингдери өткөрүлдү. Иш-чараларга аталган аймактардагы билим берүү мекемелеринин студенттери катышты.

Жолугушуулардын алкагында студенттер каржылык сабаттуулук боюнча тренингдерге, практикалык жана интерактивдүү оюндарга, Kahoot викторинасына, ошондой эле жеке бренд боюнча тренингге катышышты. Мындай формат пайдалуу билим алууга гана эмес, аны дароо практикада колдонууга, реалдуу турмуштук кырдаалдарды талкуулоого жана адистерге суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Окутуу сессиялары Элдик Банктын эксперттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Тренингдерге активдүү катышкан студенттер эстелик белектер менен сыйланышты.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасында сактык ишинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Элдик Банк өлкөнүн сактык ишинин сактоочусу катары таанылгандыгына байланыштуу уюштурулду.

Жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча улуттук демилге улантылып, өлкөнүн башка аймактарын да камтыйт.

Талас мамлекеттик университети: