05 октября 2023
"Элдик Банктын" карталарын агенттик терминалдарда акысыз толуктоо

Урматтуу кардарлар!
Акысыз “Элдик Банктын” карталарын толуктоо жана кредиттерин төмөнкү терминалдар аркылуу төлөңүз:
- Quickpay
- Unipay
- Megacom
- Umai
- Beeline
- Айыл Банк
Биздин кардарлар үчүн сонун жаңылык! Жогоруда берилген терминалдардагы бардык комиссияларды алып салдык! Эми карталарды толуктоо жана кредиттерди төлөө бекер.
Биз бул менен чектелбейбиз! Биз комиссияларды алып сала турган агенттик терминалдардын тизмесин көбөйтөбүз.
Эске сала кетсек, сиз «Элдик Банктын» терминалдарында комиссиясыз карталарды толуктап, кредиттерди төлөй аласыз.









