Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Элдик Банк" “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү” форумунда

14 октября 2024

"Элдик Банк" “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү” форумунда

Өткөн ишемби күнү Баткен шаарында Баткен облусунун 25 жылдыгына арналган “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү” Эл аралык инвестициялык форуму болуп өттү. 

Иш-чарага “Элдик Банк” катышып, форумдун конокторуна ар кандай насыялык продуктыларды тартуулады.

Белгилей кетсек, банк облустун тургундары жана ишкерлери үчүн жеңилдетилген программаларды ишке ашыруу менен аймактын өнүгүүсүнө салым кошууда. Мисалы, “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун эки этабы ишке ашырылган.

Форум катышуучулар арасында мыкты тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча болуп, түрдүү тармактардагы олуттуу долбоорлорго старт бергенин кошумчалайбыз.