Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Элдик Банк” депозитардык ишмердүүлүккө лицензия алды

11 октября 2024

“Элдик Банк” депозитардык ишмердүүлүккө лицензия алды

«Элдик Банк» ААК  - Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти  жүргүзүүгө уруксат берген лицензия алган биринчи жана жалгыз банк.

Элдик Банк инвестициялык банктык кызмат көрсөтүү багытын жигердүү өнүктүрүүдө, алардын бири болуп депозитардык иш-аракет саналат.

Бул лицензияны алуу  эми Элдик Банк эми кардарлардын баалуу кагаздарын жана башка финансылык активдерин сактайт жана эсепке алат, ошондой эле бул баалуу кагаздар менен иштерди тескеп турат, дегенди билдирет.

Азыркы учурда Банк толук кандуу депозиттик банк (кастодиалдык) болуп калды жана ал төмөнкү кызматтарды көрсөтүүнү пландаштырууда:

- катуу көзөмөл менен (кастодиалдык) тейлөөгө кабыл алынган активдерди сактоо жана эсепке алуу;

- баалуу кагаздарды номиналдык түрдө кармап туруу;

- ички жана эл аралык рыноктордо баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө келишүү;

- баалуу кагаздар менен бүтүмдөр боюнча төлөм агенти катары иш алып баруу;

- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алуу жана кардардын эсебине чегерүү.

- баалуу кагаздардын зайымы боюнча операциялар ж.б.

- «Элдик Банк мындай лицензияны алган биринчи жана жалгыз Банк. Биз эл аралык деңгээлдеги депозитарийди негиздей баштайбыз, ал келечекте өлкөбүздөгү баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү аркылуу дүйнөлүк депозитарийлер менен байланышта иш алып барат - дейт Башкарманын Төрагасы Уланбек Ногаев.

2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан Банкка лицензия берилген.

Маалымат иретинде. Депозитарий – документтерсиз баалуу кагаздарга жана кыймылсыздалган документтик баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу жана өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү, уюшулган рыноктун лицензиясы бар катышуучусу.  Биржалардагы бүтүмдөр жөнүндө маалыматты тактап туруучу дал ушул депозитарийлер системасы фондулук рынокто соода жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.