Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк — Кыргыз Республикасынын «Эң мыкты экспорттоочусу – 2025» улуттук сынагынын өнөктөшү

24 декабря 2025

Элдик Банк — Кыргыз Республикасынын «Эң мыкты экспорттоочусу – 2025» улуттук сынагынын өнөктөшү

Бүгүн Кыргызстандын ишкерлерин жана компанияларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында экспортту өнүктүрүү боюнча панелдик сессияда Элдик Банктын өкүлү Чынгыз Жамакеев банк тарабынан бизнеске жаңы рынокторго чыгууга жана экспорттук потенциалын күчөтүүгө жардам берген каржылык инструменттер тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, банктын адистери ишкерлерге агроөнөр жай комплексин каржылоо, бириккен товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, факторинг, айымдар ишкердигин өнүктүрүү жана контракттык каржылоо продуктулары жөнүндө маалымат беришти.

Элдик Банк ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону, экспортту өнүктүрүүнү жана кыргыз продукциясын эл аралык рынокторго илгерилетүүнү улантат.