Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк WSBI SDG Awards 2025 эл аралык сыйлыгын алды

21 октября 2025

Элдик Банк WSBI SDG Awards 2025 эл аралык сыйлыгын алды

2025-жылдын 15-октябрында Вашингтондо (АКШ) БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) глобалдык күн тартибинин чегинде Дүйнөлүк Сактык Банктар институту (WSBI) тарабынан уюштурулган WSBI-ESBG SDG Awards 2025 эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Элдик Банк үч негизги категория боюнча новатор катары БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө кошкон алгылыктуу салымы үчүн WSBI #SDGAward2025 сыйлыгына татыктуу болгонун сыймыктануу менен жар салат:

• SDG 5 – Гендердик теңчилик

• SDG 9 - Индустрия, инновация жана инфраструктура

• SDG 13 – Климаттын өзгөрүүсүн ооздуктоо

Бул сыйлык банк иши адамдардын жашоосунда жана коомдук өнүгүүдө чыныгы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн кубаттуу каражаты боло аларын тааныйт.

 

WSBI SDG Awards сыйлыгы БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн WSBIнын лидерликти көрсөткөн жана олуттуу салым кошкон көрүнүктүү мүчөлөрүн таануу максатында түзүлгөн. Ал алты орчундуу багытты камтыйт: инклюзивдик банктык тейлөө жана социалдык таасир этүү, экономикалык өсүш жана мүмкүнчүлүктөр, санарип трансформациясы жана технологиялык инновациялар, климатты каржылоо, кардарларды окутуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

"Сактык жана чекене банктар – бул жөн гана каржы институттары эмес. Алар өздөрүнүн социалдык жоопкерчилиги жана кайрымдуулук долбоорлору аркылуу жашоо-турмушту жакшыртат, коомчулукту бекемдейт жана калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтөт. Ар бир кредит, стипендия жана туруктуу салым -  адилеттүү, инклюзивдик жана туруктуу коомго карай жасалган кадам. Бул сыйлыктар биздин мүчөлөрүбүздүн эмгегин гана эмес, ошондой эле, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга чындап көрсөтүп жаткан таасирин белгилейт, - деди WBIS президенти Исидро Файне.

"Биз үчүн, албетте, жашыл каржылоону өнүктүрүүгө, ишкер аялдарды колдоого жана Кыргызстандын банк секторуна инновациялык чечимдерди жайылтууга кошкон салымыбыз боюнча эл аралык коомчулук тарабынан таанылганыбыз зор сыймык. Бул сыйлык Элдик Банктын жалпы эмгек жамаатынын биргелешкен аракетинин жана бүт өлкө боюнча биздин кардарларыбыздын Банкыбызга болгон ишениминин натыйжасы", - деп белгиледи Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Сыйлык алгандан кийин жарыяланган WSBI-ESBG «Driving Global Change 2025» расмий отчетунун үч бөлүгүнүн 45, 89 жана 135-беттеринде Элдик Банктын иш-аракети жана анын ESG- демилгелери, жашыл каржылоо жана инклюзивдик өсүү программаларындагы ийгиликтүү учурлары белгиленген. WSBI SDG Awards 2025 сыйлыгы Элдик Банктын эл аралык каржы коомчулугундагы талыкпаган ордун жана жооптуу банк ишинин эң мыкты дүйнөлүк стандарттарына дал келүүгө болгон туруктуу умтулуусун көрсөтөт.

WSBI-ESBG толук отчету менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://www.wsbi-esbg.org/wp-content/uploads/2025/10/WSBI-ESBG-Driving-Global-Change-2025.pdf#page=11