Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл аралык сыйлыкка ээ болду!

03 июля 2025

Элдик Банк жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл аралык сыйлыкка ээ болду!

2025-жылдын 26-июнунда Минск шаарында өткөн IV Евразиялык экономикалык форумдун алкагында «Элдик Банк» ААК эл аралык климаттык конкурстун жыйынтыгы боюнча «Жашыл Евразия» наамына татыктуу болуп, «Климат чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана корпоративдик башкаруу практикалары жана долбоорлорду каржылоо» номинациясында экинчи орунду ээледи.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов тапшырды. Ал өз сөзүндө Элдик Банктын экологиялык демилгелерди алдыга жылдыруу жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи.

Банк сунуштаган долбоордун алкагында электр энергиясы тартыш болгон аймактарда чакан ГЭСтердин (МГЭС) курулушу каржыланган. Мисалы, Баткен облусунда курулган МГЭС жылына 540 кВт ашуун электр энергиясын өндүрүп, 2 000ден ашуун үй-бүлөнүн керектөөсүн камсыздап, тармактардагы жоготууларды азайтууга жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүүгө шарт түзөт. Ал эми Чүй облусунда курулуп жаткан жаңы ГЭС аймактын электр энергиясына болгон импорттук көз карандылыгын 1–2% га чейин азайтат. Долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу 200дөн ашык жумушчу орун түзүлөт.

Бул демилгелер Кыргызстандагы энергия коопсуздугун гана эмес, өлкөнүн экологиялык келечегин камсыздоого да багытталган. Элдик Банк туруктуу өнүгүүнү колдогон, жашыл экономикага багытталган экологиялык долбоорлорду каржылоону жана ESG стратегиясын системалуу түрдө жүзөгө ашырууну улантууда.