“Элдик Банк” каржылык жарманкеге катышты
31-октябрда А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Дүйнөлүк аманат күнүнө карата каржы жарманкеси уюштурулду. «Элдик Банк» кампаниянын активдүү катышуучусу катары банктык кызматтар, өзгөчө депозиттик, кредиттик продуктулар жана ESG (Туруктуу өнүгүү) боюнча кеңештерди берди.
Иш-чаранын алкагында белектерди тапшыруу менен финансылык сабаттуулук боюнча интерактивдүү оюндар уюштурулду. Анда катышуучулар өз билимдерин сынап, пайдалуу көндүмдөрдү ала алышты.
Ошондой эле банктын өкүлдөрү суроолорго жооп берип, катышуучулардын каржылык маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууга жардам берген эффективдүү финансылык башкаруу боюнча кеңештери менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары, жарманкеге КР Улуттук банкынын, КР Депозиттерди коргоо агенттигинин эксперттери, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Ички иштер министрлиги, коммерциялык банктар, каржылык жана микрокаржылык уюмдар катышты.
Белгилей кетсек, каржылык жарманкеге болжол менен 400 адам катышты.



