17 апреля 2025
Элдик Банк Эл аралык ишкердик кеңешке (ЭИК) кошулду!
ЭИК — бул Кыргызстанда ачык жана туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө багытталган, ири инвесторлор тарабынан түзүлгөн ишенимдүү бизнес-платформа.
Элдик Банк 4 негизги комитетке кирди:
🔹 фискалдык саясат
🔹 каржы рыногу
🔹 ESG
🔹 адам ресурстарын башкаруу
ESG багыты — банктын стратегиялык артыкчылыктарынын бири, биз бул тармакка өзгөчө көңүл бурабыз.
ЭИКтеги мүчөлүк аркылуу биз ишкерлердин үнүн күчөтүп, өлкөдөгү бизнес чөйрөнү жакшыртууга салым кошкубуз келет.