Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк финансылык сабаттуулук боюнча Улуттук демилгени ишке киргизди

23 января 2026

Элдик Банк финансылык сабаттуулук боюнча Улуттук демилгени ишке киргизди

Кыргызстанда сактык ишинин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен «Элдик Банк» өлкөнүн сактык ишинин сактоочусу катары таанылгандыгына байланыштуу, Банк республика боюнча жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Улуттук демилгени ишке киргизди.

Демилгенин алкагындагы биринчи тренинг Нарын шаарында Кыргыз улуттук университетинин Нарын кампусунун студенттери үчүн өткөрүлдү. Катышуучуларга сактык ишинин тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлүп, жеке бюджетти пландоо, финансылык жоопкерчилик жана финансылык сабаттуулуктун негизги инструменттери боюнча окутуу сессиялары өткөрүлдү.

«Элдик Банк»тын эксперттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү менен биргеликте интерактивдүү сабактарды өткөрүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Эң активдүү катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды. Улуттук демилге өлкөнүн башка аймактарында да ишке ашырылат.