Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банктын жамааты 30 кушкана орнотуп, Жеңиш паркында ишембилик өткөрүштү

13 апреля 2025

Элдик Банктын жамааты 30 кушкана орнотуп, Жеңиш паркында ишембилик өткөрүштү

Ар бир жанга үй керек! Ушундай ураан алдында Элдик Банктын командасы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына 30 куш уячасын орнотту‍. 

Эсиңизге салсак, жыл башында банк мамлекеттик «Топтомо ипотека» программасын тааныштырган. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор уячаларды өз колдору менен жасап, ар бирине ат беришкен. Ошондо биз бул уячаларды борбордогу парктардын бирине орнотобуз деп убада бергенбиз — жана ал убадабызды аткардык!

Бул — табиятты сактоого кошкон кичинекей, бирок маанилүү салымыбыз.

Социалдык жоопкерчилик — бул адамдарга гана эмес, биз менен кошо жашаган жандууларга болгон кам көрүү.

Ошол эле учурда банк кызматкерлери паркка жанаша аймакта ишембилик өткөрүштү.