Үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү үчүн "Элдик Банктан" 3% кредит
«Элдик Банк» ААК өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомникти өнүктүрүү» жаңы жеңилдетилген кредиттик продуктуну ишке ашырууда. Бул программанын алкагында каржылоо жылдык 3% менен берилет.
Долбоор аркылуу төмөнкүлөр колдоого алынат:
• үрөн чарба статусун алган жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өстүрүү менен алектенген үрөн чарбалары;
• мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көчөтүн отургузуу жана сатуу менен алектенген питомник чарбалары.
Кредит берүүнүн шарттары:
• Пайыздык чен: 3% (НПЧ 3,04%)
• Мөөнөтү: 36 айга чейин
• Жеңилдетилген мезгил: 12 айга чейин
• Кредиттин суммасы:
- 300 000 сомго чейин - күрөөсүз;
- 300 000 сомдон 10 000 000 сомго чейин – күрөө коюлат.
Элдик Банк дыйкандар үчүн жеткиликтүү болгон жана натыйжалуу финансылык чечимдерди сунуштоо менен, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана айыл чарбасын өнүктүрүү багытын колдоо иштерин улантууда.
Кошумча маалымат алуу үчүн Банктын жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.