Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

"Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум

23 января 2026

"Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум

Бүгүн "Бишкектин Батыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

"Элдик Банк" ААК долбоордун негизги катышуучусу болуп саналат жана борбор калаанын заманбап транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошот. Банктын мындай демилгелерге катышуусу стратегиялык жактан маанилүү долбоорлорду гана колдобостон, туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга да салым кошот.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялык агенттиктин, Бишкек шаардык мэриясынын, "Бат Жет" ЖЧКсынын жана Кытайдын Улуттук оор машина куруу корпорациясынын (CHMC) катышуусу менен кол коюлду.

"Элдик Банк" өлкөнү жана анын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду активдүү колдоону улантууда.