12 марта 2025
Алдамчылардан абайлаңыздар!
Урматтуу кардарлар,” Элдик Банк” сиздерди алдамчылардан сак болууга чакырат!
Белгисиз адамдар Whatsapp, Telegram мессенджерлери аркылуу банктын атын жамынып билдирүү жөнөтүшөт (Аватарга банктын логотибин коюшат) жана фишинг сайттарына шилтеме боюнча өтүүнү сунушташат. Бул шылуундар сиздин купуя маалыматтарыңызга (логиндер, сырсөздөр, карта маалыматтар) кире ала турган интернет-алдамчылыктын бир түрү. Банктын жалгыз расмий сайты www.eldik.kg .
Белгисиз адамдардан чалууларды же билдирүүлөрдү алууда этият болуңуз, алар банк кызматкери болуп өздөрүн тааныштырса дагы. Эскерте кетсек, банк эч качан телефон аркылуу карталарды жана башка документтерди сурабайт. Сак болуңуз жана жеке маалыматыңызды бөлүшпөңүз!