24 июля 2025
Кадастрдан маалымкат — эми Eldik тиркемесинде!
Эми кеңсеге баруунун кажети жок — баары онлайн:
1. Eldik тиркемесин ачыңыз
2. Башкы беттен «Мамлекеттик тейлөө кызматтар» → «Кадастр» бөлүмүн тандаңыз
3. Төмөнкү 4 түрдөгү маалымкатты тандап, заказ бериңиз:
- Кыймылсыз мүлккө болгон укуктар тууралуу мамлекеттик реестрден көчүрмө
- Кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат
- Мүлктүн менчик укуктарынын тарыхы
- Жаранда мүлк бар/жоктуу тууралуу маалымкат
Справканы жөн гана өзүңүздүн кыймылсыз мүлкүңүзгө гана алсаңыз болот.
Төлөмдү тиркеменин ичинен жүргүзүп, даяр маалымкатыңызды алыңыз!