Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2» долбоору ишке кирди

21 апреля 2026

«Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2» долбоору ишке кирди

Элдик Банк майда товардык өндүрүштү ирилештирүүгө дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2» долбоорунун жаңыланган версиясын ишке киргизгенин жарыялайт.

Долбоор айыл чарбасында иш алып барган жана расмий түрдө бириккен чарба субъектилерине — айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана жоопкерчилиги чектелген коомдорго багытталган.

Программанын алкагында кредиттер улуттук валютада — кыргыз сомунда — 6% жылдык үстөк менен (НПЧ — 6,16%) 60 айга чейинки мөөнөткө берилет.

Кредиттин суммасы:

  • 25 000 000 сомго чейин — мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү долбоорлору үчүн;
  • 50 000 000 сомго чейин — инновациялык жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды (тамчылатып сугаруу, жаан чачуу системалары) колдонгон чарба субъектилери үчүн.

Каржылоо төмөнкү негизги багыттарды камтыйт.

Мал чарбачылыгы багытында ири жана майда мүйүздүү малды, жылкыларды, канаттууларды өстүрүү, аарычылык жана балык чарбачылыгы, ошондой эле саан жабдууларын жана жасалма уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алуу, тоют даярдоо жана кайра иштетүү долбоорлору каржыланат.

Өсүмдүк өстүрүү багытында дан жана буурчак өсүмдүктөрүн, техникалык өсүмдүктөрдү, жашылча-бахча өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиштерди, пахтаны жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү долбоорлору колдоого алынат.

Долбоорду ишке ашыруу бириккен чарбалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Кененирээк маалыматты Элдик Банктын бардык филиалдарынан же 9111 ишеним телефону аркылуу алууга болот.

Элдик Банк менен бирге биригели!