29 сентября 2026
2026-жылдын 3 жана 4-октябрында SWIFT убактылуу иштебейт

Урматтуу кардарлар!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан SWIFT инфраструктурасын көчүрүү боюнча пландаштырылган техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, SWIFT кызматы 2026-жылдын 3-октябрында саат 8:30дан 2026-жылдын 4-октябрында саат 17:30га чейин убактылуу иштебейт.
Бул мезгилди эске алуу менен, SWIFT аркылуу эл аралык төлөмдөрдү алдын ала пландаштырып, жөнөтүңүз.
2026-жылдын 5-октябрынан баштап SWIFT кадимки режимде иштейт.





