Элдик Банк «Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» форумуна катышты

2026-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Энесай» мамлекеттик резиденциясында 2026-жыл — Аял-фермерлердин эл аралык жылына арналган «Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» аттуу улуттук форум өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) уюштурду.
Форумдун алкагында Элдик Банктын башкаруучу директору Жийдегүл Сапаралиева «Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: идеялардан иш-аракеттерге карай» аттуу панелдик дискуссияга катышты.

Талкуу айыл жергесиндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын Кыргызстандын айылдык жана тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүүдөгү ролу маселелерине арналды.
Катышуучулар айылдык аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн практикалык жолдорун жана алардын өлкөнүн тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө кошкон салымын талкуулашты.
Элдик Банктын мындай демилгелерге катышуусу финансылык жеткиликтүүлүктү өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө болгон умтулуусун чагылдырат.










