Элдик Банк - BIFF 2026нын өнөктөшү

Элдик Банк BIFF 2026 форумунун өнөктөшү болду «Элдик Банк» ААК BIFF 2026 (Bishkek International Finance Forum) эл аралык форумуна расмий өнөктөш катары катышты.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында Элдик Банктын Маалыматтык коопсуздук кызматынын башчысы Таалайбек уулу Жоомарт киберкоопсуздук жана тобокелдиктерди башкаруу маселелерине арналган панелдик сессияда баяндама жасап, бул багыттагы банктын практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Ошондой эле форумдун аянтчасында Элдик Банктын консультациялык стенди иштеп, анда коноктор банк сунуштаган өнүмдөр жана кызматтар тууралуу маалымат алып, адистерге суроолорун берип, эстелик белектер ойнотулган ар кандай активдүүлүктөргө катыша алышты.
BIFF 2026 форумуна катышуу Элдик Банктын Кыргызстандын финансылык экосистемасын өнүктүрүүгө салым кошууга жана тармактын негизги маселелери боюнча кесиптик диалогду колдоого умтулуусун чагылдырат.













