Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк жалпы республикалык ишембиликке катышты

27 апреля 2026

Элдик Банк жалпы республикалык ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана калдыктарды натыйжалуу башкарууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Элдик Банк бул демилгени активдүү колдоп, экологиялык абалды жакшыртууга өз салымын кошту. Бекитилген аймактарды тазалоо жана коомдук жайларды иретке келтирүү боюнча иштер уюштурулду. Элдик Банк үчүн мындай иш-чараларга катышуу жарандык милдетти аткаруу гана эмес, туруктуу өнүгүүгө, айлана-чөйрөгө кам көрүүгө жана коомдун жашоо сапатын жогорулатууга багытталган корпоративдик маданияттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Банк бардык кызматкерлерге көрсөткөн активдүүлүгү, жоопкерчилиги жана өлкөнүн тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.