Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк ШКУ Банктар аралык бирикмесинин алкагында өнөктөштүктү кеңейтүүдө

23 апреля 2026

Элдик Банк ШКУ Банктар аралык бирикмесинин алкагында өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Элдик Банк Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесине (ШКУ БАБ) төрагалык кылуунун алкагында эл аралык финансылык кызматташтыкты чыңдоого жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү.

Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «АСБ Беларусбанк» ААК (Беларусь), India Infrastructure Finance Company Limited (Индия) жана Habib Bank Limited (Пакистан) менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар өлкө экономикасын колдоого багытталган долбоорлорду биргелешип каржылоонун келечегин, жашыл каржылоо, туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана банк секторуна заманбап IT-чечимдерди киргизүүнү талкуулашты.

Банктар аралык бирикменин мүчө-банктары менен катышуучу мамлекеттердин артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоого кызыкдар болгон потенциалдуу инвесторлор жана финансылык институттар ортосунда диалог жүргүзүүгө ыңгайлуу аянтча боло ала турган эл аралык симпозиум өткөрүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындайча айтканда, Элдик Банктын ШКУ БАБдагы төрагалыгы Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык аренадагы позициясын бекемдөөгө, ишкер байланыштарды активдештирүүгө, инвестицияларды тартууга жана улуттук банк секторун өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзүүдө.