28 августа 2026
Элдик Банк насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартты

Элдик Банк насыялык продуктулардын бир катар түрлөрү боюнча атайын шарттардын колдонуу мөөнөтүн узартты. Банктын кардарлары пайыздык чендери төмөндөтүлгөн сунуштарды 2026-жылдын 31-октябрына чейин пайдалана алышат.
Акциянын алкагында төмөнкү насыялык продуктулар жеткиликтүү:
- Бизнес-насыялар — 15%дан баштап, 60 айга чейин;
- Агронасыялар — 15%дан баштап, 60 айга чейин;
- Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен керектөө насыялары — 17%дан баштап, 60 айга чейин;
- Турак жай жана коммерциялык ипотека — 16%, 120 айга чейин;
- «Бизнес» дүң насыялоо — 16%, 36 айга чейин;
- Экспресс-насыялар — 19%, 36 айга чейин;
- Онлайн-насыялар — 19% (насыянын суммасына жараша 24 жана 36 айга чейин).
Насыянын эффективдүү пайыздык чени — 16,06%дан баштап. Акция 2026-жылдын 31-октябрына чейин.







