19 августа 2026
Элдик Банк коррупцияга каршы аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн эскертет

Коррупция коомдогу ишенимге доо кетирип, адилеттүүлүк принциптерин бузат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет.
Элдик Банк ишкердик этиканын ченемдерин сактоого, паракорчулукка, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө чакырат. Укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, ачык-айкындуулук жана ар бир кызматкердин ак ниеттүү жүрүм-туруму коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга өбөлгө түзөт.
Чынчылдык ар бирибизден башталат!









