Элдик Банк Бишкек шаарындагы Чыгыш айланма жолунун курулушун колдойт

Элдик Банк Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошот.
Банк колдоп жаткан маанилүү долбоорлордун бири - Бишкектин Чыгыш айланма автожолунун курулушу.
Узундугу 16 км болгон негизги жол:
- транзиттик транспортту шаардын сыртына чыгарууга;
- Бишкектин борбордук көчөлөрүнө болгон жүктөмдү азайтууга;
- жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
- жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга;
- Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары үчүн транспорттук байланышты ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк берет.
Курулуш иштерин 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Чыгыш айланма жол өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инфраструктуралык долбоорлордун бири. Ал Бишкектеги жол кыймылын жакшыртып, борбор калаа менен аймактардын байланышын күчөтүүгө шарт түзөт.
Элдик Банк өлкөнүн экономикасы жана жарандары үчүн маанилүү долбоорлорду колдоону улантат.













