"Бала Ырысы" төлөмдөрү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 «Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, «Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында «Түндүк» ААК менен биргеликте «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун борборлоштурулган тартипте төлөп берүүдө. 5-августта Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөкпулдарды төлөөгө 235,7 млн сом которду.
«Элдик Банк» аркылуу төлөм алуучу жарандардын эсептерине жалпы суммасы 138,4 млн сом болгон каражат ийгиликтүү чегерилди. Жөлөкпулду 112 573 адам алды. Долбоордун экинчи катышуучусу аркылуу 92,2 млн сом которулду.
«Бала ырысы» жөлөкпулу ай сайын берилүүчү мамлекеттик төлөм болуп саналат жана арыз ээсинин баласы үч жашка чыкканга чейин төлөнөт.










