Жалал-Абад филиалы кызматкерлер арасында спартакиада өткөрдү
Өткөн жекшемби күнү сергек жашоо образын жайылтуу максатында Жалал-Абад облусундагы «Элдик Банк» ААКнын филиалдары арасында «Спорт бизди бириктирет» аттуу облустук спартакиада өткөрүлдү.
Бул жолку спорттук иш-чараны уюштуруу демилгесин Банктын Сузак филиалы колго алды.
Спорттук майрамда Банктын филиалдарынын кызматкерлери мыкты физикалык даярдыгын гана эмес, чыныгы командалык духун, эрктүүлүгүн жана жеңишке болгон умтулуусун да көрсөтүштү. Катышуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты:
1. Волейбол;
2. Футбол;
3. Стол тенниси;
4. Сууда сүзүү (эркектер жана аялдар);
5. Кыска аралыкка эстафеталык чуркоо;
6. Таяк тартыш;
7. Шахмат.
Күн бою спорттук аянтчалар таймаштын кызыгуусуна, достук атаандаштыкка, жагымдуу эмоцияларга жана өз ара колдоого толуп турду. Ар бир команда ынтымагын, өжөрлүгүн жана спорттук мүнөзүн көрсөтсө, күйөрмандар кол чабуулары жана чын жүрөктөн колдоосу менен катышуучуларды жаңы жетишкендиктерге шыктандырышты.
Спартакиада жөн гана мелдеш болбостон, спорттун, ден соолуктун жана корпоративдик биримдиктин чыныгы майрамына айланды. Иш-чара жалпы баалуулуктар, өз ара урматтоо жана командалык иш жамаатты бириктирип, спортто гана эмес, кесиптик ишмердикте да жогорку натыйжаларга жетүүгө өбөлгө түзөрүн дагы бир ирет далилдеди.






