Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартты

14 августа 2026

Элдик Банк насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартты

Элдик Банк насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартты

Элдик Банк бир катар насыялык продуктулар боюнча акциянын мөөнөтүн узартат. Кардарлар каржылоонун атайын шарттарынан 2026-жылдын 31-октябрына чейин пайдалана алышат.

Акциянын алкагында төмөнкү насыялык продуктулар жеткиликтүү:

Бизнес-насыялар - жылдык 15%дан баштап, 60 айга чейин;

Агронасыялар - жылдык 15%дан баштап, 60 айга чейин;

Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен керектөө насыялары - жылдык 17%дан баштап, 60 айга чейин;

Турак жай жана коммерциялык ипотека - жылдык 16%, 120 айга чейин;

«Бизнес» дүң насыялоо - жылдык 16%, 36 айга чейин;

Экспресс-насыялар - жылдык 19%, 36 айга чейин;

Онлайн-насыялар - жылдык 19%, насыянын суммасына жараша 24 же 36 айга чейин.

Эффективдүү пайыздык чен - 16,06%дан баштап.

Насыялоо шарттары тууралуу кеңири маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн алууга болот.