Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк БУУнун Климаттык саммитинин COP31 эл аралык сессиясында сөз сүйлөйт.

12 ноября 2026

Элдик Банк БУУнун Климаттык саммитинин COP31 эл аралык сессиясында сөз сүйлөйт.

Элдик Банк БУУнун Климаттык саммитинин COP31 эл аралык сессиясында сөз сүйлөйт.

Элдик Банк БУУнун Климаттык саммитинин COP31 эл аралык сессиясында сөз сүйлөйт Элдик Банк 2026-жылдын 9-ноябрынан 20-ноябрына чейин Антальяда (Түркия) өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптардын 31-конференциясына (КС-31) катышууда. 2026-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Элдик Банк менен биргеликте климаттык каржылоо жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча «A Bridge to Climate Investment: The Role of Financial Institutions and International Partnerships» аттуу тематикалык сессия өткөрөт. Элдик Банк мамлекеттик органдардын, финансы институттарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана эксперттердин башын бириктирген бул сессиянын модератору болот. Талкуунун борборунда — жашыл инвестицияларды өнүктүрүүдөгү финансы институттарынын ролу, эл аралык кызматташтык жана Кыргызстандын төмөн көмүртектүү жана климаттык туруктуу экономикага өтүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле климаттык инвестициялар жана узак мөөнөттүү кызматташтык чөйрөсүндөгү практикалык чечимдер турат. Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздү, кесиптештерибизди жана COP31дин бардык кызыкдар катышуучуларын ачык диалог үчүн бул аянтчада тосуп алууга кубанычтабыз.

2026 жылдын 13 ноябрында
10:30–11:45 (Анталья убактысы)
Кыргыз Республикасынын павильону, COP31, Анталья, Туркия