Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банктан 3% менен газдаштыруу мүмкүнчүлүгү

13 мая 2026

Элдик Банктан 3% менен газдаштыруу мүмкүнчүлүгү

Элдик Банк “Газдаштырууга жеңилдетилген каржылоо – 4” программасын баштады.

Бул программа жылына 3% менен, күрөөсүз жана кепилсиз берилет. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары төмөнкү шарттар менен газ жылытуу жабдууларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат:

• Пайыздык чен — 3% (НПЧ 3,1%);

• Күрөөсүз жана кепилсиз;

• Насыя суммасы — 150 000 сомго чейин;

• Насыя мөөнөтү — 12 же 24 ай.

Насыя каражаттарын төмөнкү максаттарга пайдаланса болот:

• газ казандарын сатып алуу жана орнотуу,

• курулуш жана монтаж иштери,

• керектүү материалдарды сатып алуу,

• буга чейин газификация үчүн алынган насыяларды рефинансылоо.

“Газдаштырууга жеңилдетилген каржылоо – 4” программасы туруктуу өнүгүүнү колдоого жана өлкөдө экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Салттуу отун түрлөрүнөн жаратылыш газына өтүү — абанын булганышын азайтып, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет.

Эске салсак, бул программа «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте, Энергетика министрлиги, Финансы министрлиги жана Министрлер Кабинетинин Бишкек шаары менен Чүй облусун газификациялоо долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Үйүңүздү Элдик Банк менен газдаштырыңыз — ишенимдүү, ыңгайлуу жана пайдалуу!