Элдик Банк айыл чарбасын каржылоону кеңейтүүдө
Элдик Банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөктөшүү үчүн каржылоо долбоорунун алкагында Агенттик келишимдерге кол койду. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын Институтунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Тартылган каржылоо фермерлерге жана ишкерлерге заманбап айыл чарба техникаларын жана жабдууларын ислам каржылоо принциптерине ылайык пайдалуу шарттарда сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Каржылоонун шарттары:
- Жылдык кирешелүүлүк - 6%;
- Мөөнөтү - 7 жылга чейин;
- Каржылоо өнүмдөрү - «Мурабаха» жана «Ижара мунтахийя биттамлик»;
- Максаты - айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып алуу.
«Элдик Банк» ААК Башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев бул долбоор фермерлердин жана айыл чарба ишканаларынын заманбап техникаларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Агенттик келишимдерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, айыл чарбасын механизациялоо долбоорунун алкагында кол коюлду.











