Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААК жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК «Такафул» продукту боюнча кызматташуу келишимин түзүштү

30 апреля 2026

«Элдик Банк» ААК жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК «Такафул» продукту боюнча кызматташуу келишимин түзүштү

«Элдик Банк» ААК жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК исламдык камсыздандыруу тармагында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Өнөктөштүктүн алкагында өлкөбүздүн жарандары Шариатка ылайык келген, риба (пайыз), гарар (белгисиздик) жана майсир (кумар мүнөзүндөгү бүтүмдөр) элементтерин жокко чыгарган «Такафул» системасы боюнча камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» ААК төрагасынын орун басары Абдыжалиев Бактыгул Рысбекович жана «Элдик Банктын» ААК Ислам терезесинин жетекчиси Аймукамбетов Эстер Кочорбаевич белгилешкендей, «Такафул» продукту боюнча кызматташуу тараптардын этикалык каржылык продуктулардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана ислам каржылоосуна кызыккан кардарлардын муктаждыктарына жооп берүүгө болгон умтулуусун чагылдырат.

Тараптар кардарлар үчүн биргелешкен сунуштардын спектрин кеңейтүү жана исламдык каржы кызматтары сегментиндеги өз катышуусун күчөтүү аркылуу өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүнү пландашууда.