«Элдик Банк» ААК жана «Исламдык каржы ассоциациясы» ЮЖБ кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

Элдик Банк жана Исламдык каржы ассоциациясы исламдык каржылоонун принциптерин өнүктүрүүгө жана жайылтууга, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле шариат талаптарына ылайык келген заманбап каржылык продуктыларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
Документ банк сектору менен ислам каржы тармагындагы кесиптик коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун алкагында түзүлдү. Келишим исламдык банкинг жана каржылоо жаатында билим берүү, консультациялык жана маалыматтык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну, ошондой эле тажрыйба жана эксперттик билим алмашууну карайт.
Кызматташтыктын алкагында тараптар исламдык каржы инструменттерин калк жана бизнес чөйрөсү арасында жайылтуу максатында тематикалык иш-чараларды, семинарларды, конференцияларды жана окутуу программаларын уюштурууну пландаштырууда.
Элдик Банктын өкүлдөрү исламдык каржылоону өнүктүрүү финансылык инклюзияны жогорулатуунун жана кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн келечектүү багыттарынын бири экенин белгилешти. Өз кезегинде Исламдык каржы ассоциациясы туруктуу жана натыйжалуу исламдык каржы экосистемасын калыптандырууда финансылык институттар менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Келишимге кол коюу исламдык каржы индустриясын өнүктүрүү жана рыноктун катышуучуларынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.









