Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААКнун расмий билдирүүсү

23 сентября 2026

«Элдик Банк» ААКнун расмий билдирүүсү

«Элдик Банк» ААКнун расмий билдирүүсү

Массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарга байланыштуу «Элдик Банк» ААК кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү (AML/CFT), ошондой эле санкциялык тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндө колдонулуп жаткан чаралар боюнча расмий түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.

Банктын позициясы

«Элдик Банк» ААК өзүнүн финансылык инфраструктурасын эл аралык санкцияларды айланып өтүү, акча каражаттарын адалдоо, терроризмди каржылоо же башка мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн колдонууга таптакыр жол бербейт.

Банк өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык жүргүзөт жана колдонулуучу эл аралык AML/CFT стандарттарын, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын, Европа Бирлигинин жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын эске алуу менен комплаенс-контролдоо системасын ырааттуу түрдө өркүндөтүп келет.

Банк эл аралык жана чек аралык операцияларга карата күчөтүлгөн контролдоо жол-жоболорун колдонот. Анын ичинде кардарларды, контрагенттерди жана операцияларды санкциялык текшерүүдөн өткөрүү, бенефициардык менчик ээлерин текшерүү, төлөмдөрдүн экономикалык мазмунун жана максаттарын талдоо, ырастоочу документтерди изилдөө, ошондой эле тиешелүү учурларда акча каражаттарынын келип чыгуу булагын текшерүү жүргүзүлөт. Бул системанын негизги милдети — эл аралык санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү, акча каражаттарын адалдоо же башка мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү максатында Банктын банктык инфраструктурасын пайдалануу аракеттерин өз убагында аныктоо жана алдын алуу.

A7 жана «Кыргыз Республикасынын Соода компаниясы» ААК боюнча түшүндүрмө

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдарда A7 компаниясына шилтеме берилишине байланыштуу Банк бул компания менен эч кандай келишимдик же башка мамилелери болбогонун жана анын атына банктык эсептерди ачпаганын өзгөчө белгилейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдарда мурда Банктын кардары болгон «Кыргыз Республикасынын Соода компаниясы» ААК (КР СК) да аталат. «Элдик Банк» менен КР СКнын ортосундагы мамилелер жалаң гана «банк–кардар» стандарттык мамилелеринин мүнөзүндө болгон. Банк КР СКнын аффилирленген тарабы болгон эмес жана аталган компания менен башка корпоративдик же коммерциялык байланыштары болгон эмес. Тиешелүү операцияларды жүргүзүүнүн алкагында Банкка берилген документтердин жана маалыматтардын негизинде КР СКнын A7 компаниясы менен байланышы аныкталган эмес. Ошол эле учурда тобокелдикке багытталган ыкманын негизинде Банк КР СКны тобокелдиги жогору кардарлардын категориясына киргизип, компанияга карата күчөтүлгөн комплаенс жол-жоболорун колдонгон. Мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө бардык операциялар Банк тарабынан шектүү операциялар катары квалификацияланган. Белгиленген жол-жоболорго ылайык, тиешелүү маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн. Кийинчерээк «Элдик Банк» КР СК менен ишкердик мамилелерин бир тараптуу токтотуп, компаниянын эсептерин жапкан.

«Элдик Банк» ААК өзүнүн AML/CFT жана санкциялык тобокелдиктерди башкаруу системасынын натыйжалуулугуна көз карандысыз тышкы баалоо жүргүзүүгө өзгөчө маани берет. 2026-жылы Банк AML чөйрөсүндө жана эл аралык санкциялык талаптарды сактоо боюнча Банк тарабынан колдонулган чаралардын толуктугун, тууралыгын жана жетиштүүлүгүн көз карандысыз баалоо үчүн Big Four кирген эл аралык аудитордук компанияны тарткан. Баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк тиешелүү талаптардын жана контролдоо жол-жоболорунун алкагында жетиштүү чараларды көрүп жаткандыгы белгиленген.

Мындан тышкары, Банк Америка Кошмо Штаттарынын, Европа Бирлигинин жана Улуу Британиянын мыйзамдарынын жана санкциялык режимдеринин көз карашынан санкциялык тобокелдиктерге көз карандысыз юридикалык баа берүү үчүн эл аралык Dentons юридикалык фирмасын тарткан. Брюсселдеги жана Лондондогу Dentons адистери санкциялык маселелер боюнча тиешелүү юридикалык корутунду даярдашкан (Sanctions Opinion).

Комплаенс-контролдоо системасын мындан ары да күчөтүүнүн алкагында Банк санкциялык тобокелдиктерди жана финансылык кылмыштарга байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу системасына өзүнчө көз карандысыз тышкы баалоо жүргүзүүнү да демилгелеген. Бул ишти жүргүзүү үчүн «Элдик Банк» ААК тобокелдиктерди башкаруу, финансылык иликтөөлөр жана комплаенс-консалтинг жаатында адистешкен эл аралык компанияны тарткан.

Көз карандысыз баалоонун алкагында Банктын санкциялык комплаенс системасы Улуу Британиянын, Америка Кошмо Штаттарынын жана Европа Бирлигинин колдонулуучу талаптарын жана стандарттарын эске алуу менен талданууда. Баалоо ички саясаттарды жана жол-жоболорду, ошондой эле алардын иш жүзүндө колдонулушунун натыйжалуулугун камтыйт. Анын ичинде кардарларды жана бенефициардык менчик ээлерин идентификациялоо механизмдери, санкциялык текшерүү, транзакцияларга мониторинг жүргүзүү, тобокелдиги жогору кардарларга карата күчөтүлгөн текшерүү жол-жоболору, эскалация механизмдери жана ички контролдоо чаралары каралууда. Иш учурда жүргүзүлүп жатат. Көз карандысыз баалоонун жыйынтыгы боюнча акыркы отчет жакын арада күтүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгында иштелип чыга турган сунуштар Банктын санкциялык жана комплаенс-тобокелдиктерин башкаруу системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн колдонулат.

Санкциялык тобокелдиктерди башкаруу системасын күчөтүү

«Элдик Банк» ААКда санкциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча адистештирилген Комитет иштейт. Ал санкциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларга кошумча көзөмөлдү жана координацияны камсыз кылат.

Бул багыттагы ишти ырааттуу күчөтүүнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын ичинде гана «Элдик Банк» ААК аныкталган комплаенс-тобокелдиктерге байланыштуу 120дан ашык компания менен ишкердик мамилелерди бир тараптуу токтотуп, алардын эсептерин жапты.

Банк жөнгө салуучу органдар, эл аралык өнөктөштөр, корреспонденттик банктар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кесипкөй жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө ачык жана колдонуудагы мыйзамдарда жана банктык сырды сактоо боюнча талаптарда жол берилген чектерде зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр.

Эл аралык операциялардын ачыктыгын камсыз кылуу, Банктын финансылык инфраструктурасын коргоо жана кардарлардын, өнөктөштөрдүн, корреспонденттик банктардын жана эл аралык финансылык институттардын ишенимин сактоо «Элдик Банк» ААКнун сөзсүз артыкчылыктуу багыттары болуп кала берет.