29 января 2026
Көңүл бургула, алдамчылар!

КӨҢҮЛ БУРГУЛА, АЛДАМЧЫЛАР! Жеке жана банктык маалыматтарды уурдоо үчүн колдоно тургандай болгон жалган - фейк сайт аныкталды.
Элдик Банктын расмий сайты www.eldik.kg
Сак болуңуздар: алдамчылар банктын сайтына окшоштуруп жасалма сайттарды түзүп жатышат.
Чыныгы сайттан фейк сайтты кантип айырмалоого болот?
- айттын дарегинде каталар, ашыкча белгилер же символдор бар
- https боюнча коопсуз байланыш жок , жабык кулпу белгиси көрүнбөйт
- Байланыш маалыматы көрсөтүлгөн эмес
- Орфографиялык каталар бар, эски дизайн же өзгөртүлгөн логотип колдонулган
- Колдонуу макулдугу, төлөм же жеткирүү шарттары жок
- Сайт негизсиз түрдө каржылык жана жеке маалыматтарды сурайт: интернет-банкингдин логини жана сыр сөзү (паролу), SMS-код, картанын CVV-коду.
Өзүңүздү кантип коргоого болот:
- Белгисиз адамдар жиберген шилтемелерди ачпоо керек
- Расмий сайттарды сакталган беттери аркылуу гана ачыңыз
- Антивирус орнотуп, дайыма жаңыртып туруңуз
- Шектенип калсаңыз, түздөн-түз банкка кайрылыңыз 9111, WhatsApp (0706) 911 111.









