Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Көңүл бургула, алдамчылар!

29 января 2026

Көңүл бургула, алдамчылар!

КӨҢҮЛ БУРГУЛА, АЛДАМЧЫЛАР! Жеке жана банктык маалыматтарды уурдоо үчүн колдоно тургандай болгон жалган - фейк сайт аныкталды.

Элдик Банктын расмий сайты www.eldik.kg

Сак болуңуздар: алдамчылар банктын сайтына окшоштуруп жасалма сайттарды түзүп жатышат.

Чыныгы сайттан фейк сайтты кантип айырмалоого болот?

  • айттын дарегинде каталар, ашыкча белгилер же символдор бар
  • https боюнча коопсуз байланыш жок , жабык кулпу белгиси көрүнбөйт
  • Байланыш маалыматы көрсөтүлгөн эмес
  • Орфографиялык каталар бар, эски дизайн же өзгөртүлгөн логотип колдонулган
  • Колдонуу макулдугу, төлөм же жеткирүү шарттары жок
  • Сайт негизсиз түрдө каржылык жана жеке маалыматтарды сурайт: интернет-банкингдин логини жана сыр сөзү (паролу), SMS-код, картанын CVV-коду.

Өзүңүздү кантип коргоого болот:

  • Белгисиз адамдар жиберген шилтемелерди ачпоо керек
  • Расмий сайттарды сакталган беттери аркылуу гана ачыңыз
  • Антивирус орнотуп, дайыма жаңыртып туруңуз
  • Шектенип калсаңыз, түздөн-түз банкка кайрылыңыз 9111, WhatsApp (0706) 911 111.