Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Ысык-Көл облусунда ислам каржылоосун өнүктүрүү

27 апреля 2026

Ысык-Көл облусунда ислам каржылоосун өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2023–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында, республика аймактарында ислам каржылоону ырааттуу өнүктүрүү максатында, Ысык-Көл облусунда «Элдик Банк» ААКсынын Ислам терезесинин өкүлдөрү менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлдөрүнүн жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушууларга «Элдик Банк» ААКсынын Шариат кеңешинин төрагасы Денис Пышкин, Банктын Ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов, Банктын Ысык-Көл филиалынын директору Соромбаев Кылычбек, Кыргызстан муфтийинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев, КМДБнын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, ошондой эле Ысык-Көл облусунун район жана шаарларындагы имам-хатибдер катышты.

Жолугушуунун максаттары болуп — Шариат нормалары жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ислам каржылоонун принциптерин жана инструменттерин талкуулоо, жамааттын финансылык сабаттуулугун жогорулатууда диний лидерлердин ролун биргелешип кароо, калкты Шариатка ылайык каржылык продуктылар тууралуу маалымдоо багытында КМДБ менен Банктын ортосунда узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн механизмдерин түзүү, тажрыйба алмашуу жана калк менен агартуу иштерин жүргүзүүдө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Элдик Банк» ААКсынын өкүлдөрү катышуучуларга ислам каржылык продукттарынын принциптерин түшүндүргөн маалыматтык материалдарды тапшырып, бул жолугушуу облус калкы үчүн ислам каржылык продукттарына жеткиликтүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт жана КМДБ менен Банктын ортосунда узак мөөнөттүү институционалдык кызматташтыктын негизи болот деген үмүтүн билдиришти.