Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Овердрафт ээлери үчүн атайын сунуш

04 ноября 2026

Овердрафт ээлери үчүн атайын сунуш

Овердрафт ээлери үчүн атайын сунуш

Урматтуу кардарлар!

Овердрафттын учурдагы ээлерине атайын шарттарда жаңы насыя продуктусуна өтүүнү сунуштайбыз.

Ыңгайлуу шарттар:

Жеңилдетилген пайыздык чен - жылына 19% (натыйжалуу пайыздык чен ~ жылына 20,83%).

Бул овердрафт боюнча учурдагы ченден (жылына 25% чейин) пайыздык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Жаңы насыя продуктусу ай сайын төлөмдүн ыңгайлуу күнүн тандоо мүмкүнчүлүгү менен ыңгайлуу төлөө графигин камтыйт. Бул бюджетиңизди жакшыраак пландаштырууга жана каржыңызды башкарууга мүмкүндүк берет.

Маанилүү:

Атайын сунуш "Элдик Банк" ААКсынын овердрафттарынын учурдагы ээлерине гана жеткиликтүү. Шарттар жана таризделөө жөнүндө толук маалыматты Банктын жакынкы филиалынан алсаңыз болот.