Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Айымдар үчүн ипотека» программасы ишке киргизилди

07 августа 2026

«Айымдар үчүн ипотека» программасы ишке киргизилди

«Айымдар үчүн ипотека» программасы ишке киргизилди

«Элдик Банк» ААК Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен, аялдардын жеке турак жайга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, турак жай шарттарын жакшыртууга жана социалдык туруктуулукту чыңдоого багытталган «Айымдар үчүн ипотекасы» программасын ишке киргизди.

Программанын биринчи этабында ал Кыргыз Республикасынын аймактарында жашаган аялдар үчүн жеткиликтүү. Кийинки этаптарда программаны Бишкек жана Ош шаарларына жайылтуу пландалууда.

Программанын негизги шарттары:

🔹 жылдык пайыздык чен — 9,75% (ЭПЧ 10,19%);
🔹 насыянын суммасы — 7 млн сомго чейин;
🔹 насыянын мөөнөтү — 25 жылга чейин;
🔹 баштапкы төлөм — турак жайдын баасынын 10% дан 30% га чейин;
🔹 эгерде карыз алуучунун өздүк каражаты жетишсиз болсо, «Кепилдик фонду» ААКнын кепилдигин пайдаланууга же кошумча күрөө берүүгө мүмкүнчүлүк каралган.

Программанын алкагында төмөнкү турак жайларды сатып алууга болот:

🏠 аянты 100 чарчы метрге чейин болгон батир;
🏠 аянты 200 чарчы метрге чейин болгон жеке турак үй.

Турак жайга болгон менчик укугу аял-карыз алуучунун атына катталууга тийиш. Программанын шарттарынын бири катары үй-бүлөнүн ай сайынгы таза кирешеси 120 000 сомдон ашпоого тийиш.

Программа аялдарды колдоого, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

📞 Толук маалыматты «Элдик Банк» ААКнын филиалдарынан же 9111 номери аркылуу ала аласыз.