УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Элдик Банк жана Mastercard менен!
УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалы – ар бир футбол күйөрманынын кыялы. Трибуналардын жаңырыгы, УЕФАнын гимни жана мыкты футболу. Мунун баарын жандуу көрүү – мүмкүн!
Mastercard Элдик Банк менен биргеликте Mastercard карталарынын ээлери үчүн акциянын башталганын жарыялайт. Катышуучулар Европадагы эң ири футболдук окуялардын бири – Будапешт шаарында өтө турган УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына эки адамга жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Акцияга катышуу үчүн 2026-жылдын 20-февралынан 13-апрелине чейин Элдик Банктын Mastercard картасы менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл. Жеңүүчү транзакциялар үчүн эсептелген эң көп упай топтогон катышуучу болуп аныкталат.
Упай эсептөө механикасы
500 сомдон жогору операциялар үчүн упайлар берилет:
- Mastercard картасы менен POS-терминалдарда төлөм – 1 упай;
- интернет аркылуу сатып алуулар – 2 упай;
- MoneySend которуулары – 3 упай.
QR-код аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр акцияга катышпайт.
Башкы байге
- Акциянын жеңүүчүсү УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Будапешт шаарына эки адамга жолдомо алат.
Жолдомо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эки тарапка авиакаттам;
- мейманканада эки орундуу жайгашуу;
- 1-категориядагы 2 билет;
- Mastercard жана УЕФАдан куттуктоо(саламдашуу) белеги;
- аэропорт – мейманкана – аэропорт жана мейманкана – стадион – мейманкана трансферлери.
Ошондой эле акциянын алкагында кызыктыруучу белектер – Mastercard жана УЕФАнын фирмалык продукциялары каралган.
«Биз Элдик Банк менен биргеликте Mastercard карталарынын ээлерине жылдын эң маанилүү спорттук окуяларынын биринин бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз. Мындай демилгелер Mastercard’тын кардарларга ыңгайлуу жана коопсуз төлөм чечимдерин гана эмес, баа жеткис таасирлерди да тартуулоого болгон умтулуусун чагылдырат», – деп белгиледи Mastercard’тын Казакстан жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча башкы директору Санжар Жамалов.
«Биз үчүн банк картасы кардарлар үчүн жөн гана төлөм куралы болбостон, жаркын эмоцияларга жана уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан каражат болушу маанилүү. Mastercard менен биргелешкен акция – кардарларыбыз үчүн Европанын башкы футболдук окуясында болуу жана өмүр бою эсте кала турган таасирлерди алуу мүмкүнчүлүгү», – деп белгиледи Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
Акция Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана толук идентификациядан өткөн Элдик Банктын кардарлары үчүн жеткиликтүү.
Акциянын шарттары тууралуу толук маалымат бул жакта.
Mastercard жөнүндө (NYSE: MA)
Mastercard дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрүндө жергиликтүү экономикаларды өнүктүрүп, адамдарга шыктануу берет. Кардарларыбыз менен биргеликте ар бир адам ийгиликке жете ала турган туруктуу экономикалык чөйрөнү түзөбүз. Биз санариптик төлөмдөр үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, транзакцияларды коопсуз, жөнөкөй, акылдуу жана жеткиликтүү кылабыз. Биздин технологиялар жана инновациялар, өнөктөштүктөр жана байланыштар адамдарга, компанияларга жана өкмөттөргө өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга жардам берет.