Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк еврооблигацияларды алгачкы ирет чыгарууга даярданууда

28 августа 2025

Элдик Банк еврооблигацияларды алгачкы ирет чыгарууга даярданууда

Мамлекеттик “Элдик банк” эл аралык капитал рыногуна чыгуу камлгасын көрүүдө. Тактап айтканда, Банктын 2026-жылдын февралында 300 миллион долларга жакын суммадагы еврооблигацияларды алгачкы ирет жайгаштыруу планы бар. Мындан чогулган каражаттар Кыргызстандын экономикасы үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө жана стратегиялык маанилүү объекттерди курууга, ошондой эле, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана ESG долбоорлорун каржылоого жумшалат.

Аталган бүтүмдү коштоп-колдоо максатында эл аралык кеңешчи- Oppenheimer Europe, америкалык инвестициялык Oppenheimer банкынын европалык бөлүмү тартылган. Бул кеңешчи эл аралык капитал рынокторуна чыгуу боюнча кеңешчинин консультациялык кызматтарын сатып алуу жөнүндө кредиттик мекеме тарабынан жарыяланган жарыядан тандалып алынган.

Компания Элдик Банктын эл аралык рынокко чыгуу жана дүйнөлүк инвесторлордун талаптарын даярдоо стратегиясына жооп берет. Эл аралык практикага ылайык, кеңешчинин сый акысы тартылган каражаттардын көлөмүнүн болжол менен 0.5% - 1% түзөт.

Элдик Банктын  чыгарылган еврооблигациялары Лондон фондулук биржасында листингинде каттоодо болот.

Эл аралык карыз рыногуна чыгуу боюнча мындай чечим Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүүдө мамлекеттик стратегиянын алкагында кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин алууга жетишүүсү жана эл аралык суверендүү облигацияларды чыгаруу болуп саналат. Мындан тышкары, өкмөткө улуттук компаниялардын дүйнөлүк капитал рынокторуна чыгуусун камсыздоо, тышкы каржылоо булактарын диверсификациялоо жана корпоративдик облигацияларды жана IPOну жайгаштырууну координациялоо тапшырылды.

Бул эл аралык жайгаштырууга даярдык иштери Банктын капиталын масштабдуу чыңдоодонун уландысы болуп калды, деп ишенүүгө болот. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Элдик Банк өлкөбүздүн каржы тармагынын тарыхындагы эң ири суммада 60 миллиард сомго жеткире капиталдаштыруу ишин соңуна чыгарды. Натыйжада, Банктын уставдык капиталы дээрлик 75 миллиард сомго жетти — бул Кыргызстандын банк тутумунун жалпы капиталынын жарымынан көбү (147,1 миллиард сом). Салыштыруу үчүн айта кетсек, Улуттук банктын 2026-жылы гана күчүнө кире турган минималдуу талаптары 1 миллиард сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан - S&P - "B+" (туруктуу), Fitch - "В" (туруктуу), Moody's - "B3" (позитивдүү) атылышындагы суверендүү рейтингдерге да ээ. Алардын негизинде корпоративдик карыз алышуу мамилелери түптөлөт. Элдик Банктын өзү буга чейин Fitch "В" (туруктуу) рейтингин алууга жетишкен жана S&P баа берүү убактысы август айына туш келди.