Элдик Банк "Баланы мектепке даярдайлы" кайрымдуулук акциясына катышты
Элдик Банк көп жылдан бери «Жакшылыктын гильдиясы» коомдук бирикмесинин өнөктөшү болуп, быйыл да «Баланы мектепке даярдайлы» демилгесин колдоду.
Биз колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн керектүү мектептик буюмдар салынган рюкзактарды даярдадык. Алардын арасында балдарын жалгыз тарбиялап жаткан энелердин үй-бүлөлөрү да бар. Элдик Банк үчүн ар бир бала жаңы окуу жылын кубаныч менен башташы маанилүү, ал эми энелерге жардам көрсөтүү — социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам.
Мындай демилгелерди колдоо Элдик Банктын ESG-стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Анын негизинде жоопкерчиликтүү ишкерлик, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана гендердик теңдикти илгерилетүү жатат.
Элдик Банк — жакшылыктын ишенимдүү өнөктөшү жана туруктуу келечекке карай ишенимдүү кадам.