Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк – Акциялар секторундагы «Жылдын мыкты эмитенти»!

26 января 2026

Элдик Банк – Акциялар секторундагы «Жылдын мыкты эмитенти»!

«Элдик Банк» ААК Кыргыз фондулук биржасынын ардактуу сыйлыгына татыды. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Элдик Банк» ардактуу белгиге ээ болуп, Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунда «Акциялар секторунда жылдын мыкты эмитенти» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.

Бул сыйлык банктын акцияларды жайгаштыруу боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн, ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын, туруктуу өнүгүүсүн жана инвесторлор менен өнөктөштөрдүн ишенимин тастыктайт. Бул жетишкендик - команданын системалуу ишинин, корпоративдик башкаруунун жогорку стандарттарына берилгендигинин жана өлкөнүн каржы рыногун өнүктүрүүгө активдүү катышуусунун жыйынтыгы.

Жогорку баа бергени үчүн Кыргыз фондулук биржасына ыраазычылык билдиребиз!